www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лионель Месси Аргентина курамасынын капитаны жана чабуулчусу Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясынын (IFFHS) версиясы боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын эң мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, сыйлык оюнчунун турнирдеги натыйжалуулугун баалоочу комплекстүү индексинин негизинде ыйгарылган. Анда матчтардагы баалар, голдор, голдук пастар жана плей-офф баскычындагы оюндардагы таасири сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынган.

«Мессинин плей-оффтун бардык баскычтарындагы салымы Аргентинанын ийгиликтүү жүрүшүндө маанилүү роль ойноду. Анын бардык эсептелген көрсөткүчтөр боюнча жалпы индекси 2026-жылкы дүйнө чемпионатында бааланган башка оюнчулардын баарынан жогору болду. Федерациянын комиссиясы оюндардын статистикалык маалыматтарына жана объективдүү көрсөткүчтөргө гана таянып, мындай жыйынтыкка толук ишеним менен келди. Лионель Месси — IFFHS боюнча эң мыкты оюнчу. Бул симпатияга же атак-даңкка эмес, талашсыз статистикалык маалыматтарга негизделген чечим», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина Испанияга кошумча убакытта 0:1 эсебинде утулуп, 2022-жылы Катарда жеңип алган чемпиондук наамын коргой алган эмес.
Месси үчүн бул турнир анын карьерасындагы алтынчы жана, балким, акыркы дүйнө чемпионаты болду.

Кийинки дүйнө чемпионаты 2030-жылы өтөт, анда чабуулчу 43 жашта болот.

Месси дүйнө чемпионатындагы дебютун 2006-жылы жасаган. Бул мелдештерге катышкан мезгилде ал жалпысынан 34 оюн өткөрүп, 21 гол киргизип, 12 голдук пас берген.

Последние новости