www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Каркыра” бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.
Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.
Белгилей кетсек, “Каркыра” өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.
Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.
“Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы “Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө” макулдашуусуна ылайык, “Каркыра” көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg