www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кубанычбек Исабеков: “Улуттук концепция жок”

“Улуттук концепция жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Жетекчилер мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койсун. Тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө бизде баары бар. Окумуштуулардын айтымына караганада, бардык кен байлыктары бар. Тилекке каршы улуттук концепция жок. Ошол болсо абдан жакшы жолго түшмөкбүз. Депутаттар чыкыйтып жазып беришсин. Аткаруу бийлиги ошондон чыга албай калат. Мисалы, Монголия алтын экспорттогон жагынан алдыңкы орундарда турат. Алардын калкынын саны болгону 2 жарым миллион. Биз алардан эмнебиз кем. Ал эми Борбор Азия боюнча Өзбекстан лидер болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму, Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши дагы аябай мактап жатат. Өзбекстан сатып, алуу жагынан миллиарддаган кирешелерди таап жатат. Президенти “дагы фабрика, ишканалар курулулат” дейт. Баарыбыз билгендей авто унаанын түрлөрү чыгууда.  Булар кен байлыктарын туура иштеткенди билет. Улуттун кызыкчылыгын коргогон, мекенчил жетекчилер экен. Биз алыс кетпей ушулардан үлгү алышыбыз керек”, - дейт Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости