www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-сентябрда өкмөт аппаратынын сектор башчысы Егор Скобеев аскер прокуратурасына суракка чакырылып, кийин камакка алынган. Ал коррупцияга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок, айрым маалыматтар боюнча ал РФнын айрым жарандарына сыйлык-куралдарын тапшырууга катыштыгы бар деп шектелип жатат. Бул боюнча РФнын тергөө комитети дагы иликтөө иштерин жүргүзүп жатыптыр.
Такталбаган маалыматка караганда Glock-19 тапанчалары КР ИИМи тарабынан Австриядан сатылып алынып, кийинчерээк РФнын жарандарына белек катары ыйгарылган. Ал эми Егор Скобеевдин аялы Елена Скобеева “Kant.kg” жоопкерчилиги чектелген ишкананын жана “Кыргыз куралдары компаниясынын” негиздөөчүсү болуп чыгууда. Ал 2018-жылдын 31-январында негизделип, курал-жарактарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө багытталган компания болуп эсептелинет. Өткөн жылы аталган ишкана бюджетке салык катары 5.500 сом гана которгон.
Булак:NazarNews.kg