www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каалаган комбинациядагы номурду тандап, ошол замат эле жеке автоунаага каттатуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Албетте, азырынча бул максатталган пилоттук долбоор. Ал 2020-жылдын 20-сентябрынан 1-октябрына чейин Ош, Жалал-Абад облусундагы айдоочуларга сунуштала турганын Мамкаттоонун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, эки облустун тургундары, эми туура бир жыл өткөн соң азыркыдай каттоодон өтүү, кезек күтүү деген баш оорулардан арылат. Учурда унаанын ээси жаңы номур алуу үчүн 2 жумадай убакыт кезек күтсө, бул долбоордун алкагында номурду сатып алгандан кийин дароо эле бардык ишти бир жерден бүтүрүүгө шарт түзүлөт. Эгер, долбоор жакшы жыйынтыктарды берсе, өлкөнүн башка аймктарында да жайылтуу пландалып жатыптыр.
Ал эми, 12 күнгө гана созулган мындай мүмкүнчүлүктү, Ош, Жалал-Абад облустарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү ишке ашырары айтылууда.
Булак: "NazarNews.kg"