www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 13-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
5-декабрда таңкы саат беш жарымдар чамасында Аламүдүн айылынын Панфилов— Чугуев көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш адамдар кол салып, смартфонун жана 2500 сомун алып кетишкен.
Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Д., 26 жаштагы Т.Ф., жана 27 жаштагы У.Р. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция кармалгандардын башка дагы эки кылмышка тиешеси бар экенин аныктаган. Укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда.
Булак: NazarNews.kg