www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук кардиология борборунун жамааты Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн президетке арыз жазышкан. Буга себеп Министр Бейшеналиев кызмат абалынан пайдаланып, Улуттук борбордун директору Акбай Сарыбаевдин үстүнөн куугунтуктоону күчөткөнү себеп болгон. Бул тууралуу Economist.kg жазып чыкты.
КР президенти Садыр Жапаровго, көчүрмөсү КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Улуттук кардиология жана терапия борборунун 500 адамдан ашык эмгек жамаатынын атынан жазылган арызда министр Бейшеналиев жакында эле КРнын эмгек сиңирген дарыгери наамын алган, медицина илимдеринин доктору, тажырыйбалуу илимпоз, кардиолог Акбай Сарыбаевди жамааттын көзүнчө кагып-силкип жумуштан кетиргени айтылат.
«КРнын прокурору Курманкул Зулушев 16-ноябрда антикоррупциялык кеңешмеде Алымкадыр Бейшеналиевдин айынан 179 млн сомдук жараксыз вакцинаны сатып алышкан деген айыпты угузган министр ушунчалык ызы-чуулуу кекчил болобу? Акбай Сарыбаевди эмес Бейшеналиевди ойлонбой туруп камай турган маалыматты өлкөнүн башкы прокурору айтып жатпайбы.
Ошол министр татынакай иштеп жаткан Улуттук борбордун директорун, илимдин докторун, профессорду, КРга эмгек сиңирген дарыгерди кордоп, жамаатынын көзүнчө сөгүп-сагып жумуштан алышка Алымкадыр Бейшеналиевдин моралдык укугу бар беле?
Дагы 2 айдан кийин Акбай Сарыбаев пенсия жашына келмек. Министр өтүнүп суранса, ал өзү деле жетекчилик орунду бошотуп бермек. Адамгерчилиги жана маданияты жок, 500дөй кызматкердин назарынан калган бул минстрдин моралдык этикасына жана билимсиздигине ким жооп берет?» – деп айтылат арызда.
Булак: NazarNews.kg