www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каршылаштар Авдеевкадан качып чыгууга аргасыз болду. Бул турасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге билдирди.

“Биз каршылаштарды ал жактан качып чыгуудан башка айласы калбагандай абалга кептедик”, — деп айткан Шойгунун сөзүн РИА Новости жазды.

Ал Башкы штаб Авдеевканы алуу операциясы өтө аз сандагы жоготуулар менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Шаарды бошоткондон кийинки чабуул коюу аракеттери батыш тарапта уланат, 72 чарчы чакырым аянт бошотулду.

Ошондой эле Шойгу шаарды бошотуу операциясы Коргоо министрлигинин китептерине жазыларын кошумчалады.

Өз кезегинде Путин Авдеевканы бошотуудагы ийгилиги менен министрди куттуктап, мындай аракеттерди өнүктүрүү керектигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости