www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылынын 42 жаштагы тургуну Топчубек Накетаев карышкырга тузак салып, анын этин сатууну көздөөдө. Элеттик тургун менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, короодогу койлорго карышкыр дайыма кол салат. Аны алдын алуу үчүн атайын капкан салып турат.

«Капкан салганыма 15 жылдай болуп калды. Кичинекей кезимде атам карышкырларга капкан салчу. Жакында эле айылдагы короолорго карышкыр кирип, малга кол салыптыр. Күн суук болуп, кар катуу жаагандыктан карышкырлар короодогу малга кол сала башташты. Кошунабыздын алты коюна кол салгандан кийин мен да капкан коюп баштадым. Кечээ күнү капканга карышкыр түшкөн экен, аны итке талатып өлтүрдүм. Карасак карышкырдын канчыгы экен. Ошол эле күнү кеч киргенде унаа айдап баратсам алдымдан карышкыр чыгып, аны сүзүп кеттим. Ал карышкырдын дөбөтү экен. Бир жылда орто эсеп менен 10го жакын карышкырды атып же капканга түшүрөм. Ал эми быйыл жыл жаңыргандан бери 4 карышкыр кармадым. Буга чейин айыл өкмөт тарабынан мергенчилерге сынак жарыяланып, ар бир атылган карышкырга 5000 сомдон кызыктыруучу белек берилчү. Айыл өкмөткө алып барсам албайбыз дегенинен базарга алып чыгып сатууну пландап жатам.

Базарда карышкырдын этин, тырмагын жана тарамыш, бөйрөгүн сатып алышат. Бизде кытайлар көп болгондуктан карышкырдын этин кызыгуу менен алышат. Ал эми этти эмне кылышарына кызыгып көргөн эмесмин. Тырмагын, тиштерин тумар катары алышат. Мындан сырткары бешиктеги баланы ар кандай жаман көздөн сактасын деп ырымдагандар бар. Ал эми бөйрөгүн, тарамыштарын көзү ачыктарга ишенгендер буйрутма берип сатып алышат», - дейт ал.

Ал эми Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурбай Бексариев жакынкы аралыкта кайрадан карышкыр аткандарга кызыктыруучу белек тапшырылаарын айтат.
«Буга чейин ар жылы биздин айыл өкмөт мергенчилерге сынак жарыялап, ар бир атылган карышкыр үчүн беш миң сомдон белек катары тапшырылып, бул сынак 1 ай аралыгында өткөрүлчү. Быйылкы жылы бул сынакты өткөргөн жокпуз, келе жаткан жумада айылдык депутаттар менен биригип сессия өткөрүп, сынакты кайрадан уюштуруп, карышкыр аткан мергенчилерге акча тапшырабыз», - деди ал.

Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 5 айылдагы 4840 кожолукта 10184 адам жашайт.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости