www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карыз алгандардын дооматын иликтөөчү комиссия түзүлдү

Зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.

Маалым болгондой, жыйынды өкмөт төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеди.

"Ведомстволор аралык комиссия өкмөттүн чечими менен түзүлдү. Мындан тышкары, карыз алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ иштей баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Кожошев белгилегендей, комиссияга жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана карыз алуучулардын маселелерин чечүү жолдорун табуу милдети коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости