www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Сайпидин Султанов өзүнүн Фуйсбуктагы баракчасына Кыргызстандын учурдагы абалы тууралуу билдирүү жазып чыкты. 

Журналисттин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Дүйнөлүк окумуштуулардын божомолдору боюнча, бул вирус жер үстүнөн миллиондогон өмүрдү алып тынат. Аны менен катар эле бул тумоо өтө чоң экономикалык кесепетти алып келет.

Бутуна туруп алган байлардын абалы коркунучка кептелбейт. Кээ бир "кыргызбайлардын" кирешеси кайсы бир деңгээлде сакталып турса, айрымдары дал ушул мезгилден пайдаланып азык-түлүккө өздөрү каалаган бааны коюп сатып оңбогондой киреше таап жатышат.

Буга чейин күнүмдүк тапкан акчасына   жан багып келген карапайым калк учурда кыйынчылыкты баштарынан кечиришүүдө.  Өкмөтүбүздүн "тигил жактан мынча, бул жактан түкүнчө жардам алып жатабыз" дегени суу кечпейт. Эртең эле аларды үстөгү менен төлөп берчү күн келет. Ансыз да сырткы карызыбыз 4 млрд доллардан ашык. Биздин бюджетибиздин абалы алыска кетпей эле жанаша турган коңшу мамлекеттер менен тең талаша албайт.  Андыктан Өкмөт чукул чечимдерди кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү менен кээ бир ишканаларды (ансыз деле толуп жаткан ишканаларыбыз жок) базарларды, ишке киргизүү зарыл...

Ар бир жумушка барган адамга жоопкерчилик жүктөлүп, коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, тартипти күчөтүп, эрежени бузгандарга катуу чаралар колдонулушу керек..."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости