www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн 2020-жылы чет жактан жалпы 742,9 млн. доллар жардам алат. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин 24-июлдагы атайын брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, ушул күнгө чейин бул сумманын 330,3 млн. доллары келип түштү. Калган 409 млн. доллар жыл аягына чейин келет деп күтүлүп жатат.
10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган.
Сырттан алынган жардамдын төрттөн бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.
Маалым болгондой, өкмөт жыл башында коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы жана бюджетти колдоого деп эл аралык уюмдардан каржылык көмөк сураган. Каражаттардын көбү негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда. Кайра санактан кийин Кыргызстандын 2020-жылкы бюджети 30 млрд. сом чогулта албай калаары белгилүү болгон. Алты айдын жыйынтыгынды 14 мд=лрд сом чогулбай калды.
Булак: NazarNews.kg