www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Каржы пирамидасын уюштурууга шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 20-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы. Апрель айынын башында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 13 жаран арыз менен кайрылган.

Алардын айтымында, Сонбүбү аттуу аял What’s App «Алмаз-Авто«, «Алмаз» жана «Азык-түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөн. Соңбүбү акча салуучуларга 1200 долларга чейин ала тургандыктарын убада кылган – бул сумма топко алып келген адамдардын санына жараша болот.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансылык пирамидаларды уюштуруу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1971-жылы туулган А.К. кармалды.

Милиция шектүүнүн аракеттеринен башка да жапа чеккендер бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары 0 312 60 75 67, 0 3134 5 33 80, 0 509 0980 08, 0 704 04 40 15 же 102 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости