www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Абылов Бекназаровдой эле элчилик кызматты аркалап жүргөндө, үнү чыкмак тургай Акаев менен Бакиевдин көзүн карап оокат кылган», - деди бүгүн, 20-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, Кыргызстанда түзүлгөн «Бириккен демократиялык кыймылы», БЭК, КЭК деген кыймылдай таасирдүү боло алабы? Аталган кыймылдын ичинде эл ээрчий турган инсандар барбы?

- Бийликтин катачылыгын айтып турабыз деген ой менен түзүлгөн оппозициялык кыймылдын идеясы деле жок. Ал турсун бийликти сындаган аргументтери деле алсыз. Ошон үчүн эл анчалык колдобой жаткансыйт. Эл чындап колдосо анда-мында үнүн чыгарбай, элди ээрчиткен таасирдүү уюмга айланышат эле го.

- Ошондо аталган кыймыл алсыз болуп жатабы?

- Ооба алсыз. Ошон үчүн коомчулуктун колдоосуна ээ боло албай жатышат да. Бирок, өздөрү тууралуу сөз болсо, арданып чычалап кетишет экен.

Айтайын дегеним, кыргыз бийлигине өздөрүн оппозиция деп жарыялаган кыймылдын бир мүчөсү М. Абылов Бекназаровдун ал кыймылды «алсыз» дегени үчүн чычалап: «Бекназаров бийликтин кетменин чаап күн көрүп калган инсан» - дептир.

Эмне Абылов жүргөн оппозициялык кыймыл алсыз экени жалганбы? Эмнесине чычаалайт дейм да. Убагында Бекназаров түзгөн КЭК жана БЭКтей оппозициялык кыймылдай кыймылды уюштуруу Абылов экөөбүздүн колубуздан эч качан келбейт!

Артында 5 адамы жок. Анан эмне кылат чычаалап. Бекназаров түшүнгөн адамга «бийликтин кетменин» эмес, кыргыз улутунун, мамлекетинин эртеңки келечегинин арыгын чаап жатат.

Абылов убагында Бекназаровдой эле элчилик кызматты аркалап жүргөндө, үнү чыкмак тургай Акаев менен Бакиевдин көзүн карап оокат кылган инсан болгон. Бекназаров мамлекеттик элчилик кызматты аркалап жатса да, биринчи кезекте Кыргызстандын эртеңкисине кайдыгер эмес көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясатчы катары өз пикирин бийлик ээлерине, коомчулукка билдирип жатат. Анын эмнеси жаман.

Бекназаровдой болуп кайсы саясатчы, мамлекеттик чиновник үнүн чыгарды? Абылов айтсынчы? Бекназаровдой инсаны бар үчүн кыргыздар сыймыктанышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости