www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда каржы пирамидаларына каршы мыйзам долбоору иштелип жатат.

Ал мыйзам долбоору кабыл алынса, каржы пирамидасын жарнамалаган артисттер, вайнерлер жана блогерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу казак парламенттин спикери Ерлан Кошанов билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышты.

Парламенттин төрагасы каржы пирамидалары азыр өзгөчө региондордо чоң көйгөйгө айланганын, анын айынан айрымдар өзүн-өзү өрттөгөнгө барып жатышканын белгиледи.

"Адамдар ишенип, акыркы акчасын алпарып берет, себеби, аларды белгилүү адамдар, артисттер, вайнерлер жарнамалап жатат. Анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Ошол себептен бүгүн бул мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Анын ичинде каржы пирамидаларына бөгөт коё турган беренелер бар", – деди Кошанов .

Маалыматка караганда, финпирамидаларды жарнамалоо үчүн жазанын катаалдыгы катышуу даражасына жана келтирилген зыянга жараша болот.

Эске салсак, буга чейин Казакстанда Mudarabah capital каржы пирамидасына катышы бар делип, бир нече адам кармалган. Алардын катарында белгилүү вайнерлер Мейиржан Төрөбаев менен Мейирхан Шерниязов бар.

Пирамидага алдангандардын бири Ички иштер министрлигинин имаратында өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости