www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир жыл мурда Баткенде кадимки эле согуш чыккан, ал 3 күнгө – 28-апрелден 30-апрелге чейин уланган, негизги аскерий аракеттер 29-апрелде болгон. Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, тажик тараптан – андан аз деп да, андан көп деп дагы айтылууда, так маалымат жок.

Дал ошол 29-апрель күнү Дүйшөмбү шаарында – Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңештерин катчыларынын жыйыны өткөн, бирок Баткенде башталып жаткан согуш тууралуу анда бир да сөз айтылган эмес. Жыйынга Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрү Мусаев жана Патрушев да катышкан, анын алдында Тажикстанга Орусиянын коргоо министри Шойгу да келип кеткен.

Бул чабуул – бир мамлекет башка мамлекеттин чек арасын бузуп, аскер киргизсе, дүйнөлүк коомчулук ага кандай карайт дегенди текшерүү үчүн жасалганга окшош. Дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын агрессииясына дээрлик көңүл бурган эмес, ошондуктан Баткендеги былтыркы согушту – Украинага быйыл башталган согушка даярдык катары тажрыйба топтоо болгон деп божомолдоо мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости