www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-апрелде, CREATE4KG Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын биринчи фестивалына катышкан.

Фестиваль өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо максатында чыгармачылык жана инновациялар жумалыгынын алкагында өткөрүлгөнүн президенттин сайты жазып чыккан эле.

Фестивалдын негизги милдети — кеңири аудиторияга заманбап реалдуулукта алардын жөндөмдөрүн жана чыгармачылыгын монетизацияга айландыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун көрсөтүү.

Мамлекет башчысы иш-чарада катышуучуларга сөз сүйлөп, креативдүү экономика бул өткөн тарыхыбызга, андан бери келаткан каада-салтыбызга, ошончо мезгилден бери топтолгон тажрыйбабызга таянуу менен заман талабына жараша мындай баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол экенин баса белгилеген.

Аталган иш-чарага катышкан Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен өз кезегинде креативдүү экономика — борбордон ажыратылган киреше мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган жана инклюзивдик жана социалдык жактан бирдиктүү коомдун өнүгүшүнө салым кошкон уникалдуу жана динамикалык сектор экендигин белгилеген.

Кызыгы, КРнын президенти Садыр Жапаров сүйлөп жаткан учурда түркүн-түстүү тасмалар илинип турган. Ал түркүн-түстүү тасмаларды көбүн эсе ар кандай атрибуттар менен гей парадда колдонушат.

Дүйнө жүзүнө таанымал болгон түстөрдү мындан ары президенттин жан-жакасындагы чабармандары байкап жүрүүсү милдеттүү. Анткени президенттин ар бир катачылыгы жанындагыларга жана өлкөнүн аброюна жакшылык алып келбейт.

Садыр Жапаровдун артындагы түркүн-түстүү тасмалар креативби же гейлердин кол желегиби? – деген ой келет.

Ал эми бул боюнча биздин редакцияга Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.

"Анын ЛГБТга эч кандай тиешеси жок. Анда креактивдүү экономиканын эл аралык түстөрү чагылдырылган", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости