www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы унаа кырсыгынан беш адам каза тапкан.
Каргашадан 29 жаштагы аял жана анын 3 баласы, ошондой эле сиңдиси каза болгонун Чүй облустук милициясынан тастыкташты.
Маалыматтарга караганда, унаа үйлөнүү тоюндагы кортежде болчу жана айдоочу «гулянкадан» кайтып келе жаткан.
Белгилей кетсек, 14-майда саат 18:40 чамасында Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында 2004-жылы туулган К.у.И. «Хонда Торнео» унаасын айдап бара жатып, жол эрежесин бузган: жогорку ылдамдыкта келе жатып, рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып кеткен.
Мунун кесепетинен унаа жол жээгинде турган 5 адамды сүзгөн. Алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде төмөнкүлөр каза болгон:
- 1997-жылы туулган С.С.,
- 2024-жылы туулган Б.А.,
- 2020-жылы туулган А.М.,
- 2022-жылы туулган А.А.,
- 2011-жылы туулган Ч.Ф.