www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда Бренд КГ тарабынан ишке ашырылган балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу өндүрүш ишканасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. А. Акунбеков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М. Койчуманов катышты.
Бул долбоор балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгарган өлкөдөгү алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат.
Компаниянын өндүрүш комплекси «Ак-Чий» ЭЭА аймагында жайгашып, заманбап жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыздалган.
Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, импортту алмаштырууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Ишкананын ишке кириши ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтып, санитардык-гигиеналык товарлардын ата мекендик өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, ишкана заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген продукцияларды чыгарууга багытталган.
Келечекте продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Иш-чаранын алкагында ишкананын расмий ачылышы болуп, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жана чыгарылып жаткан продукциялар тааныштырылды.