www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 2018-жылдын 11-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жана анынбиринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, жана орун басарлары Курсан Асанов, Алмазбек Орозалиевдер ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерин саптык кароодон өткөрдү.
Ал эми, ИИМдин борбордук аппараттынын башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, кызматтардын башчыларынын жана өздүк курамдын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни аткарылып, Туусу көтөрүлдү.
Министр саптык кароодо борбордук аппараттын кызматкерлеринин формаларын текшерди. Министр өздүк курамга кайрылып жатып, биринчиден элдин ишенимин аттырыш үчүн кызматкерлердин тартиби жана маданияттуу кеби, экинчиден формалары талапка жооп бериши шарт экендигин айтып өттү. “Биз республиканы кыдырып чыгып, биздин кызматкерлер эмнеге муктаж экендигинин көрдүк, албетте биринчи эле орчунду маселе техникалык-жана материалдык муктаждык, экинчи кызматкерлердин маянасын көтөрүү”- деп белгиледи .
Таңкы нускамада белгиленгендей Мамлекеттик деңээлде азыркы учурда күч органдарынын социалдык жактан колдоо анын ичинде айлык маянасын көтөрүү, турак жай менен камсыз кылуу жана башка маселер камтыган ИИОнун ишмердүүлүгүндө рефома жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын баардык күч органдарынын бирдиктүү мыйзам доолбору иштелип чыкты. ИИОнун бөлүмдөрүнүн башкы милдетти Президеттин Жарлыктарын, Өкмөттүн Жоболорун, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын так аткаруу. Сөзүнүн аягында өздүк курамга кайрылып “Өз кызматтыңарды так жана жогорку деңгээлде аткарууга тийишсиңер”–деп баса белгилеп кетти.
Андан соң, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Мындай иш-чаралар республиканын бардык ички иштер органдарында өткөрүлдү. Мындан ары ар жуманын дүйшөмбү күндөрү ИИОнун кызматкерлерине өткөрүлүп турмакчы.
Булак: NazarNews.kg