www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-сентябрь күнү Кыргызстанга расмий сапары аяктаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргыз жетекчилери менен коштошуп, Тамчы аэропортуна жөнөйт. Бирок аэропортто ал 1,5 саат учуп кете албай, Кырчын жайлоосунан кайтып келе турган жубайын күтүп, жол карап олтуруп калат. Көрсө Кырчындан кайтып келаткан кыргыз президенти менен түрк президентинин жубайларынын унаалары тыгынга кептелип, жайлоодон трассага чыга албай эки саатай олтуруп калышыптыр.

Көргөндөрдүн айтымында тыгындын узундугу 20 чакырымга жеткен. Оюндарды көргөнү жеке менчик унаалары менен келаткан Бишкектин, көлдүн түштүгү менен түндүгүнүн айылдарынан агылган көрөрмандардын баары трассадан Кырчынга кеткен тар жолго тыгылып, жайлоону көздөй агылышкан. Ал эми Кырчындан трассага кетүүчүлөргө жол калбай калган. МАИчилердин, УКМКнын кызматкерлеринин рациялары байланыш жоктугунан иштебей, трассадан Кырчынга кетчү жолдуу бууп салууга буйрук жетпей айлалары кетишкен. Ошентип эки өлкөнүн биринчи айымдары эки сааттай тыгында чыга албай күтүп олтурушкан.

Кырчында, Чолпон-Атада КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басары Алмаз Орозалиев, МАИнин башчысы Канат Жумагазиевдер өздөрү жүргөнүнө карабай биринчи айымдарга коридор ачып бере алышкан эмес. Анын айынан Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын 1,5 саат күтүүгө аргасыз болгон.

Азыр президенттик аппарат бул боюнча ИИМдин, УКМКнын кызматкерлеринин жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчиликтерин кароодо. Алардын кызматтан алынышы да мүмкүн экендиги айтылууда.

Негизи эле Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндөгү коопсуздукту камсыздоого милдеттеме алган ИИМдин ашмалтайы чыкканы коомчулукка ачык билинип калды. Бул окуядан тышкары Англиядан келген туристтердин велосипеди уурдалганы дагы уу-дуу болгону талашсыз. Кыскасы мындай кемчиликтерге жол берген ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди эмес, Көчмөндөр оюндарына карата жоопкерчиликтүү болгон анын орун басарлары Алмаз Орозалиев, Мирлан Каниметов жана МАИ башчысы К. Жумагазиевдер тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартылышы кажет. Себеби, унаа тыгындарын болтурбоо жана тескөө боюнча ИИМ орун басары А. Орозалиев менен МАИ башчысы К. Жумагазиевге, ал эми жарандардын жана туристтердин коопсуздугун коргоо ИИМ орун басары М. Каниметовго жүктөлгөн. Андыктан Кашкар мырза өзүн уятка калтырган орун басарлары менен МАИ башчысына тезирээк чара көрбөсө, өз башына муш болуп тийгени калды...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости