www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиевди милиция кызматкерлеринин  кызматтык тартибинин абалы, ошондой эле социалдык жактан кандай корголуп жаткандыгы тууралуу NazarNews кепке тартты. 

Милиция кызматкерлеринин айлыгы, ардагерлердин пенсиясы да 2020-жылдын 1-январдан тарта 40 пайызга көтөрүлдү, социалдык пакеттер ишке кирет, батирлерде жашаган кызматкерлерге акча төлөнүп берилет, келишимдик негизде кызмат өтөө ишке киргизилет. Бардыгы мезгил талабына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын ачык так байкоого болот. Учурда милицияга Мамлекет башчысы тарабынан мурда көрүлбөгөн камкордуктар ар тараптан көрүлүп жатат.

Эми өзгөчө көңул бура турган маселе, милициянын ички тартибин чыңдоо жана колу таза эмес кызматкерлердин тазалануу болуп саналат. Ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан күчөтүү. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды жоготуу биздин негизги багыттарыбыздын бири.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңгикылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурамын. 

Биз ички иштер органдарыны курамында болгон тартип бузууларды, мыйзамсыз жоосундарды жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды өзүбүз таап, аныктап кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберип жатабыз.

2019-жыл ичинде кылмыш жасагандыктары үчүн ИИОнун кызматкерлерине карата 39 кылмыш иши козголуп, бул боюнча 43 кызматкер жоопкерчиликке тартылууда. Жыл ичинде ар кандай тартип бузуулар боюнча 1979 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 25 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн ИИОнун кызматынан бошотулса, 52 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

Учурда ички иштер министрлиги өздүк курамдын ичинде айрыкча коррупцияга байланышкан кылмыштар менен мыйзам бузуулардын бетин ачуу жана ага байланышкан кызматкерлер менен аёсуз күрөшүү жана кызматкерлерди коргоо, мыйзам менен тартип бузууну болтурбоо максатында алдына-ала аткарылуучу иш-чаралар боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу жана ошол максатта талыкпай иштер жүрүп жатат.

Ички иштер органдарынын катарынан кызматтын кызыкчылыктарын саткан, коомдун алдында милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузган, пара алган, мыйзамсыз иш-аракеттери менен орду толтурулгус зыян келтирген кызматкерлерден тазалоого багытталган иш дайыма менин көзөмөлүмдө турат, - деди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости