www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч державанын кызыкчылыгын көздөп турган Кашмирге Европа, Америка мамлекети Азияда эмне болсо, ошол болсун деп кол шилтеп койгондой.Индиянын Жогорку Соту Кашмир союздук аймагынын атайын макамын жокко чыгарды. Соттун чечимине ылайык, аймактагы жергиликтүү шайлоолор 2024-жылдын сентябрына чейин өткөзүлүшү керек. Ага ылайык Кашмир аймагы Индиянын штатына айланышы керек.
Жогорку Соттун чечиминде, союздук территориянын атайын макамы убактылуу экени, аны жокко чыгарууга мыйзам жол берери айтылган. Өкмөт башчы Нарендра Модинин 2019-жылдагы буйругуна ылайык, жалаң буддисттер жашаган Ладах облусу да Кашмирдин курамынан чыгарылган.
Кашмир Индиянын түндүгүндө жайгашып, ал жердеги калктын негизги бөлүгү мусулмандар. Бул аймак 1947-жылы Пакистан менен Индия өлкөлөрү түзүлгөндөн бери, эки өлкөнүн ортосундагы талаштарга себеп болуп келет.
Кашмир 2019-жылга чейин өзгөчө автономияга ээ болуп келген. Ага ылайык, Кашмирдин сыртында жашаган Индия жарандарына бул аймактан жер сатып алууга, туруктуу жашоого тыюу салынган. Ошондой эле Индиянын парламенти тарабынан коргоо, тышкы иштер, каржы жана байланыш тармагына тиешеси болбогон бардык чечимдер жергиликтүү бийлик тарабынан тастыкталганда гана күчүнө кирчү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg