www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-декабрда өтүп жаткан II элдик курултайда Кемин районунан келген 15 делегат өлкөнүн желегин алмаштырууга каршы чыкты. Бул тууралуу делегат делегат Эрнис Садыбакасов билдирди.
Ал президиумдан жана курултайдын төрагасы Мыктыбек Абдылдаевден бул талапты курултайдын резолюциясына киргизүүнү суранды.
Курултайдын биринчи күнүндө бир катар делегаттар тууну өзгөртүү маселесин көтөрүштү: бир делегат Жогорку Кеңештен элдин пикирин эске алуу менен чечим кабыл алууну, экинчи делегат президенттен жеке пикирин, позициясын билдирүүнү суранды жана дагы бир делегат ал желекти өзгөртүүгө каршы экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg