www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик шайлоо өнөктүгүнө сырттан кийлигишүүгө бөгөт коюуну тапшырды. Бул тууралуу ал Мамлекеттик Думанын фракция лидерлери менен жолугушууда алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу айтып жатып билдирди.
Орус лидери өлкөнүн ички иштерине ар кандай кийлигишүү Орусиянын мыйзамдарына ылайык катуу токтотуларын баса белгиледи.
"Биз элибиздин эркиндигин, анын эгемендигин жана келечегин тандоо укугун коргойбуз. Биздин өлкөдө бийликтин бирден-бир булагы —Орусиянын эли гана", - деди Путин.
Путин президенттик шайлоо боюнча өзүнүн фундаменталдуу позицияларын белгиледи.
Мамлекет башчысы бул маселе боюнча да бир нече принципиалдуу позицияларды белгиледи. Биринчи кезекте ал шайлоо атаандаштык негизде жана Орусия Федерациясынын мыйзамдарына толук ылайык өтүшү керек экендигине көңүл бурду. Ал ошондой эле бардык партиялар жана фракциялар үчүн эң негизгиси "фундаменталдуу улуттук кызыкчылыктарды, алардын эл алдындагы, өлкөбүздүн жана анын келечегинин алдындагы жоопкерчилигин терең түшүнүү" болушу керек деген оюн билдирди. Жыйынтыгында Владимир Путин шайлоо өнөктүгү жана добуш берүүнүн өзү "конституциялык, демократиялык процедураларга толук ылайык, ачык-айкын, мыйзамдуу жана чынчыл" өтүшү керектигин баса белгиледи.
Буга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ президенттик шайлоо жакындаган сайын Орусиянын ички иштерине кийлигишүүсүн күчөтөрүн айткан. Вашингтондун Москванын иштерине кийлигишүүсүнүн мисалы катары Махачкаладагы окуяларды келтирди.
Булак: NazarNews.kg