www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициячы, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Гарри Каспаров менен ишкер жана коомдук ишмер Михаил Ходорковскийди Орусиянын Укук министрлиги"чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Бул реестр жакында эле толуктала баштады, анда азыр 7 адам бар. Ходорковский Украина менен, Каспаров Украина жана америкалык Адам укуктары боюнча фонд менен байланышы бар шек саналууда.

Учурда экөө тең чет өлкөдө жашайт жана Орусия президенти Владимир Путиндин саясатын, Украинага согуш ачканын сындап келишет. Вильнюста алардын катышуусунда орусиялык эмигранттардын "Орус кыймылынын аракети" аттуу жаңы уюм түзүлгөн.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга ылайык, тизмеге кирген уюмдар жана адамдар атайын каттоодон өтүп, бардык материалдарга "чет элдик агент" экенин жазып турушу керек. Эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат.

Буга чейин шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону, оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров “Настоящее время” телеканалына берген интервьюсунда  Путин Украинаны “жер менен жексен кылууну көздөп жатканын, аны азыр токтотуп калбаса, согуш оту бүтүн Европага жайылаарын” эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости