www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Каргайын десем УӨсүң, каргабайын десем жүрөсүң...»

Кыргыздар: «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң...»-деп коюшат. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн учурунда бийликти каалаганындай алчы-таа кылышып, өкчөшүп өздөрүнө жагынгандарды бийлик төбөсүнө сүйрөп келишкен. Азыркы бийликке муштум түйүп партия түзүп жаткандардын «мөңкүгөн» жагынан алдына киши салбаганы Бектур Асанов, 2005-жылдагы бийлик алмашышууда спорт министри боло калып кыйраткан деле жок. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт ноктосунан сүйрөп келип Жалал-Абад шаарына губернатор койгон. Ал чалчактап Убактылуу Өкмөт «а» десе, «а» деп, «б» десе, «б» деп жүрүп, акыры таштандыга ыргытылган керексиз буюмдай ыргытылган бойдон кала берген.  Эми да бийликти оодарсам, бир жакшы жилик тийип калабы деп ак эткенден так этип турат. Убактылуу Өкмөт жаралгандан кандуу июнь окуясына чейин салыштырып көрөлү. Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзбек сепаратисттери тарабынан болуп жаткан иштерге бут тосуп, Бишкек бийликтеринин эсине салып турган. Ал эми дардаңпооз Бектур Асанов өзү башкарып турган аймакта Кадыржан Батыровдун адамдык деңгээлин пайгамбарлык деңгээлге чейин чыгарып, өзү губернатор болуп турса да, анын алдында куйругун шыйпаңдаткан кандекке айланган. Ансайын эрдемсинген сепаратисттер өзбек тилине мамлекеттик тил макамын бериш керек деген пикирине, мамлекеттик кызматкерлердин 30 пайызы өзбек улутундагылар болуш керек деген сунушту кошушкан. Өзбекстандын кайсы облусунда «кыргыз» адамы губернаторду койолу, аким боло алганы барбы? Убактылуу Өкмөттүн төбөлдөрүнүн бири Алмаз Атамбаев түзгөн жакшы мамилесинен улам, анын шефи, мамлекет жетекчисине чейин кирип керектүү адамдарын кызматка койдуруп келген Батыров, эми бул жерлерде өзүн «кожоюн» катары сезип калган. Ошондуктан, Атамбаевке жагыш үчүн Түштүктөгү мурунку бийликтин кадыр-баркын биротоло кетириш үчүн, жеңин түрүнүп кирет. Атамбаев менен болсо кадрларын чоң кызматка коюп, алака-береке түзүп алды. Убактылуу Өкмөттүн бир тарабын чоюп турган Өмүрбек Текебаевди өз колуна алыш үчүн анын үкасы Асылбек Текебаевди жан-жөкөр катары жанына ээрчитип алып, мурунку бийлик башында турган Бакиевдин туулган айылы Тейит айылынын талпагын ташка жайып, додолонгон күлгө айлантууну көздөгөн. Оюу ишке ашты ал башында турган сепаратисттер менен «Ата-Мекен» партиясынын туусун көтөрүп чыгышкан дардаңпооздор кыргыз айылынын күлүн көккө сапырып, талпагын ташка жайышты. Кыргыздын Туусун жыгышты. Ошол эле куйтуңдап Батыровго күчүк болуп жүргөн Убактылуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы атка минерлери, ооздорун «скоч» менен чапташып жүрүштү. Элге ушул тасир катуу тийди Тейиттеги өрткө шылтоо кылып, 2010-жылдын 19-майында Батыровдун университетине каршы чабуулга чыгышты, үч киши сепаратисттердин атылган окторуна мерт болуп, 83 киши жарадар болгон.

Баса ага чейин эле ал кезде Оштун аксакалы болуп турган маркум Үсөн Сыдыков, убактылуу спикердин милдетин алган Исхак Масалиевдер Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго «Текелер» тууралуу кеп салганы белгилүү. Бирок Убактылуу Өкмөт дегенде ичкен ашын таштап, өлүмгө даяр турган Бектур Асанов ушул бийлик менен түбөлүккө гүлдөй тургандай өзүн элестегени, «шымын булгаган наристедей» отурган кызматынан куулуп, ордун эптеп кайра алган. Ал эми бир-аз убакыт өтпөй 2013-жылы Үсөн Сыдыков 70 жылдык мааракесин белгилегенде, бийлик ал кишинин төшүнө бир калай тагып койгонго да жараган эмес. Ошол мааракеде бир-аз кызымтал болуп алган Исхак Масалиев топурак-чаңда оонап жатканын эстеп ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн опол тоодой «Бериясы» Азимбек Бекназаровго тиш кайраганы бар.

Көпчүлүктүн суранычы менен Тейит айылындагы кыргыз айылын күм-жам кылганы үчүн Кадыржан Батыровдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, мурункудай ачык жүрбөй жаап –жашырынып калган. Ушундай мезгилдерде Кандосу Алмаз Атамбаев ага боор толгоп: «Керек болсо Түркиядагы менин үйүмө баш калкалап тур» -дегенге чейин барган. Ал эми ал кездеги Убактылуу Өкмөттүн аппаратын жетектеген, азыркы учурда өкмөттүн чоң капталын чоюп турган Эдил Байсаловдун эшектей айкырганына көңүл бурсак, Кадыржан Батыров чет мамлекетке чыгып кетиши үчүн Текебаевдер жасалма дипломатиялык паспортторду жасап жатат деген. Кээде ал туура эле айкырып койо турган. Мына кылмыш иши козголуп жаткандарга Убактылуу Өкмөттүн лөктөрү кандай көңүл бурган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости