www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Тазабек мырза, жакында эле сиз депутат болуп шайланган Сузак районунда катуу сел жүрдү. Азыр ал жактагы абал кандай?

-- Былтыр Сузакта сел жүрүп, бир топ кишилердин үйлөрүн суу каптап, бир өспүрүм кыздын өмүрүн алып кеткен. Кечээ жакында да Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө 500 гектардай жерди суу алып, шалы эккен дыйкандар жабыр тартышты.

Талаада иштеп жаткан бир дыйканды аз жерден суу агызып кете жаздап, араң куткарып калышкан. ӨКМ дамбаларды салуу боюнча жакшы жумуш алып барбай жатканы өкүндүрөт. Былтыр эле салына турган дамба бүгүнкү күнгө чейин эч кыймылсыз турат.

-- Дыйкандарга компенсация төлөө жагы кандай болот?

-- Муну комиссия карап, маселени чечип беришибиз керек. Мен айыл өкмөттөрү менен кеңешип көрөм го. Дыйкандар тарткан чыгымды төлөп берүү боюнча маселе өкмөткө сөзсүз коюлат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости