www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каспий деңизиндеги аскердик машыгуулар учурунда каза болгон казакстандык аскер кызматкерлеринин саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Маңгыстау облусунун администрациясы билдирди.
«Машыгуу учурунда деңизге 17 адамды толкун алып кеткен, алардын 12си каза болуп, үчөөнү куткарууга мүмкүн болду», — деп айтылат Telegram-каналдагы билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде мамлекеттик органдардын иш-аракеттери координацияланып, издөө-куткаруу иштери улантылууда. Учурда дагы эки аскер кызматкерин издөө жүрүп жатат. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат.
Казакстандын Коргоо министрлиги ошол эле күнү Каспий деңизиндеги машыгуулар маалында бир нече аскерди деңиз алып кеткенин билдирген. Кырсык Каспий деңизинин жээгинде окуу-аскердик тапшырманы аткаруу учурунда болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, окуяга аба ырайынын кескин начарлашы жана шамалдын катуу күчөшү себеп болуп, аскерлерди деңизге алып кеткен.
Кийинчерээк Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды Каспий деңизинде каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Ошондой эле ал курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.