www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэринин мурдагы орун басары Азамат Кадыров кызмат абалынан өзгөчө ири өлчөмдө кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу катары тартылды. Бул тууралуу иштин материалдарында айтылат.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталып жаткан К.А.К.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Ошондой эле А.Ж.А.га Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылган.

23-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тергөөнүн өтүнүчүн карап чыгып, эки айыпталуучуга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады. Сот К.А.К. менен А.Ж.Аны тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин — 2026-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын №21 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

2024-жылдын 31-декабрындагы редакциядагы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө кызмат абалынан өзгөчө ири өлчөмдө кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.

Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кылмышты уюштурган, аны жасоого түрткү берген же кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн адам уюштуруучу, тукуруучу же көмөкчү катары кылмышка катышкан деп таанылат.

Последние новости