www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкектеги көп кабаттуу бизнес-борбордун курулушунда текшерүү жүргүздү.

Байтик Баатыр көчөсү 23–25 жана Кошевой көчөсү 31, 31А, 33, 38 даректериндеги 15 кабаттуу имаратта биринчи кабаттагы түркүктөрдө көңдөйлөр жана бетонду жетиштүү тыгыздабаган учурлар аныкталган.

Кемчиликтерди аныктоо үчүн адистер тарабынан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн «Ивен КЗ» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, курулуш токтотулду. Компания кара тизмеге киргизилип, лицензиясынын колдонулушу токтотулду.

Ошондой эле объекттеги жооптуу адистердин сертификаттары жокко чыгарылып, көзөмөл жүргүзгөн департаменттин инспектору кызматынан бошотулду.

Последние новости