www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Каспий деңизинде машыгуу учурунда каза болгон аскерлердин саны 14 адамга жетти. Дайынсыз жоголду деп эсептелген дагы эки аскер кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ведомство издөө-куткаруу операциясы аяктаганын маалымдады.

«25-сентябрда саат 9:15те үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө буга чейин дайынсыз болгон эки аскер кызматкеринин — сержант Мансур Гумаровдун жана матрос Мирас Турдыбекулынын сөөгү табылды», - деп жазылган маалыматта.

24-сентябрда Каспий деңизиндеги машыгуу учурунда аба ырайы кескин начарлап, шамалдын күчөшүнөн улам деңизге 17 аскер кызматкери чөгүп кеткен. Ошол эле күнү 12 адам каза болуп, үчөө куткарылганы кабарланган. Калган эки аскерди издөө иштерин 250дөн ашык киши жүргүзгөн.

25-сентябрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бул факт боюнча 453-берененин 2-бөлүгү (Оор кесепеттерге алып келген шалаакы мамиле) жана 465-берене (Кеме айдоо эрежелерин бузуу) боюнча эки кылмыш иши козголду.

Последние новости