www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январь айында болгон окуялар өлкөсүндөгү кырдаалды түп тамыры менен өзгөрткөнүн билдирди. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өткөн айда түзүлгөн Алихан Исмаилов жетектеген жаңы өкмөттүн биринчи кеңейтилген жыйынына катышты.

Жолугушууга видеоконференция аркылуу кошулган Токаев өз сөзүндө: "Январь окуясы Казакстандагы кырдаалды түп тамырынан бери өзгөрттү", - деди.

Өлкөдө карызга баткандардын саны көбөйүп, 1 миллионго жакын жарандын айлыктары күнүмдүк турмушуна жетпей калганына көңүл бурган Токаев: "Жаңы өкмөт элдин социалдык жыргалчылыгын көтөрүү, инфляцияны азайтуу жана өсүү милдетин алды", - деп билдирди.

Чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каржы булактарынын кайтарылаарын белгилеген Токаев: "Өкмөткө 2 айдын ичинде мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө чыгарылган каржы булактары менен ал жактан алынган мүлктөрдүн кайтарылышы боюнча сунуш иштеп чыгууну тапшырам", - деди. 

Казакстан парламентинин депутаты Максат Раманкулов акыркы 25 жылда Казакстандан чет өлкөдөгү оффшордук компанияларга болжол менен 140-160 миллиард доллар которулганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости