www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 8-февралдагы өкмөттүн жалпы жыйынында Маңгыстау облусунда "эмгек нааразылыгы күчөп келе жатканын" айтып, маселени чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Жумушчулардын бардык талабы кылдат каралууга тийиш. Алардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктары сакталышы керек. Жүрүштөргө катышып жаткан компаниялардын кызматкерлери жана кесиптик кошуундардын башчылары менен конструктивдүү диалог орнотулушу кажет. Кабыл алынган чечимдерди карапайым жумушчуларга жакшылап түшүндүрүү керек", – деди Токаев.

Анын айтымында, көйгөйлөрдү акимдерге гана жүктөп койбостон, аны биргелешип караган жөндүү. Казак президенти бул багытта өкмөт менен "Самрук-Казынаны" тыгыз иш алып барууга чакырды. "Керек болсо, өкмөттүн атайын комиссиясын Маңгыстау облусуна жиберүү керек", - деди Токаев

Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында жумуш менен камсыздоону талап кылган жүздөгөн киши бир аптадан бери акимчиликтин алдында турат. Активисттер жумуш сурап келгендердин тизмеси 2500 кишиге жеткенин, бул күн сайын толукталып жатканын айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости