www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Эл сиздин жеке инсандыгыңызга да кызыгат. Сиз жеке жашооңузду элге көрсөтүүнү жактырбайсыз окшойт.

- Өткөн жылы мамлекеттик кызматтагы эмгегиме 50 жыл толду. 1975-жылы сентябрда СССРдин ТИМинин босогосун биринчи жолу аттагам. Алгачкы адистигим – китаеведение, бул өзгөчө сабырдуулукту талап кылат. Текст менен иштөөнү жакшы билем, начар стильди, өзгөчө каталарды жактырбайм. Бардык кайрылууларды, макалаларды, каттарды жеке өзүм текшерем. Өмүрүм мамлекеттик кызмат менен байланыштуу, ал тартипти, жоопкерчиликти, системалуу ишти талап кылат. Ошондуктан “Кимсиз?” деген суроого кыска жооп берем: мамлекетчил адаммын.

– Президент Трамп жакында ден соолугу тууралуу маалымат жарыялады. Сиз болсо жабык адамсыз. Салмак таштадыңыз дешет. Комментарий бере аласызбы?

– Ден соолугум жакшы, кан басымым нормалдуу. Күн сайын йога менен машыгам, бирок медитациясыз. Жумасына эки жолу үстөл тенниси ойнойм. Тогуз килограмм арыктадым, өзүмдү жакшы сезип калдым.

– КМШдагы кесиптештериңиздин ичинен ким спортко жакын?

– Путин Бишкектеги бейрасмий иш-чарада жаш дзюдочуга каршы чыгып, улуу муундун намысын коргоду. Алиев да машыгууларды үзбөйт. Жапаров футбол ойнойт. Мирзиёев залда машыгат. Пашинян велосипед тебет. Лукашенко хоккей ойнойт. Рахмондун да ден соолугу жакшы. Баары жакшы формада.

“Turkistan” гезитине чыккан маектен үзүндү

Назаркул Жоошбаев

Последние новости