www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Барселона» футбол клубу Испаниянын Суперкубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.
Турнир 8-12-январь күндөрү Сауд Арабияда төрт клубдун катышуусунда өттү.
Биринчи жарым финалда «Барселона» «Атлетик Бильбаону» 5:0 эсебинде уткан, ал эми «Реал» мадриддик дербиде «Атлетикону» жеңди (2:1).
«Барселона» менен «Реалдын» ортосундагы финалдык оюн 12-январга караган түнү Жидда шаарында болуп өттү. Каталондуктар 3:2 эсебинде жеңишке жетип, 16-жолу Суперкубокту утуп алышты.
Былтыр да командалар Суперкубоктун финалында ойношкон. Анда «Барселона» 5:2 эсебинде жеңген.