www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер Казакстанда канча дарыгер иштеп жатканын, кадр жетишсиздиги кайсы аймактрда курч сезилерин жана эмне үчүн жаш дарыгерлер поликлиникалардан бир жылга жетпей кетип каларын изилдешти. Ошондой эле медицина университеттерин көп бүтүрүшсө да, кадр маселеси эмне үчүн чечилбей жатканын талдашты. Бул тууралуу tengrinews.kz жазып чыкты.
2025-жылдын башына карата өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунда 281 400 медициналык кызматкер иштейт:
- 83 379 дарыгер;
- 6 293 жогорку билимдүү медайым;
- 191 728 орто медициналык адис.
Акыркы он жылда 10 миң адамга туура келген дарыгерлердин саны 38,3төн 45,7ге чейин көбөйдү. Бирок ошого карабастан, аймактар боюнча адистердин тең бөлүштүрүлбөшү негизги көйгөй бойдон калууда.
Эң чоң дефицит Түндүк Казакстан облусу, Костанай облусу, Улытау жана Жетысу облустарында байкалат:
Бул аймактарда медициналык ЖОЖдор жок, кадрлар сыртка кетүүдө жана орду толуусуз бойдон калууда. Дарыгерлер өлкө ичинде да көчүп кетишет — көбүнчө Астана жана Алматы шаарларын тандашат.
Соңку 10 жылда 92 617 адам медицина ЖОЖдорун бүтүргөнүнө карабай, алардын баары эмгек рыногуна чыккан жок. Айрымдары миграцияга кетет, кээ бирлери башка тармакка өтөт, аял дарыгерлердин бир бөлүгү декреттик өргүүгө чыгышат.
Эң көйгөйлүү багыт — поликлиникалар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер кызматтары. Бул жерде жүк көп, бирок айлык аз, документ иштеринин көптүгү жана стресстик абал адистердин «чарчоосуна» жана жумуштан кетишине алып келүүдө.
Изилдөөнүн жыйынтыктары саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын иштеп чыгууда эске алынат.