www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анда, МинКаб Төрагасы борбордогу Н. Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан заманбап кеңсе борборуна барып, бизнес-борбордун реконструкциялангандан кийин түзүлгөн шарттары жана заманбап кеңсени уюштурууда колдонулган инновациялык чечимдер менен таанышты. Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чан Ань Туан борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана анын борбор калаанын бизнес потенциалын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бишкек шаардык мэриясынын “Бишкексельмаш” отканасында болуп, аны реконструкциялоонун биринчи этабынын жыйынтыгы менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев МинКаб Төрагасына жылуулуктун натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, объекттин кыш мезгилинде ишенимдүү иштешин камсыз кыла турган жабдуулар менен жаңыртылгандыгы тууралуу маалымат берди. Борбор калаанын отканаларын жаңылоо Бишкектин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун приоритеттүү милдети экени айтылды.

Андан соң Адылбек Касымалиев вьетнамдык “Rox Group” компаниясы ишке ашырып жаткан “Royal Central Park” ири инвестициялык долбоорун ишке ашырып жаткан курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Компаниянын өкүлү курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырып, “Royal Central Park” долбоору турак жай жана заманбап көп функционалдуу комплекс катары иштелип чыкканын белгиледи.

МинКаб Төрагасы ири курулуштарды жүргүзүүдө сапат жана экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле мындай инвестициялык долбоорлордун борбордун архитектуралык көрүнүшүн жана инфраструктурасын жаңыртуудагы ролун белгиледи. Ал ошондой эле Министрлер Кабинетинин бизнести колдоо саясатын да кошумчалады.

"Министрлер Кабинети инвесторлорго эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат, ишкерлер үчүн Министрлер Кабинетинин эшиги дайым ачык", - деди МинКаб Төрагасы.

Адылбек Касымалиев курулуш объекттери менен таанышып чыккандан кийин, Бишкектин инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана олуттуу инвестициялык демилгелерди ыкчам колдоо боюнча тиешелүү шаардык кызматтарга жана мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Последние новости