www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка бийлиги 75 өлкөнүн жарандары үчүн, анын ичинде Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Россия жана Иран үчүн иммиграциялык визаларды берүүнү токтотту. Бул тууралуу 14-январда Fox News АКШнын Мамлекеттик департаментинин документтерине шилтеме берип билдирди.

Мындай тыюу 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.

Бул жаңылыкты биринчи болуп жарыялаган Fox News кенен маалымат берген жок. Кийинчерээк АКШнын Мамлекеттик департаменти маалыматты тастыктап, тыюу жалаң гана иммиграциялык визаларга тиешелүү экенин тактады.

Маалымат каражаттарына чыгып кеткен материалдарга ылайык, өлкөлөрдүн толук тизмесине төмөнкүлөр кирет: Афганистан, Албания, Алжир, Антигуа жана Барбуда, Армения, Азербайжан, Багам аралдары, Бангладеш, Барбадос, Беларусь, Белиз, Бутан, Босния, Бразилия, Мьянма, Камбоджа, Камерун, Кабо-Верде, Колумбия, Кот-д’Ивуар, Куба, Конго Демократиялык Республикасы, Доминика, Египет, Эритрея, Эфиопия, Фиджи, Гамбия, Грузия, Гана, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гаити, Иран, Ирак, Ямайка, Иордания, Казакстан, Косово, Кувейт, Кыргызстан, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Македония, Молдова, Монголия, Черногория, Марокко, Непал, Никарагуа, Нигерия, Пакистан, Конго Республикасы, Россия, Руанда, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Сенегал, Сьерра-Леоне, Сомали, Түштүк Судан, Судан, Сирия, Танзания, Таиланд, Того, Тунис, Уганда, Уругвай, Өзбекстан жана Йемен.

Последние новости