www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандагы уланып жаткан нааразылык акцияларынын фонунда жүздөгөн иран жарандары өлкөдөн чыгып, Түркияга багыт алышты. Маалыматка ылайык, ирандык үй-бүлөлөр Түркиянын Ван провинциясындагы Капыкөй чек ара өткөрмө бекети аркылуу киришкен.

Учурда чек арадан өткөн ирандыктар журналисттер менен сүйлөшүүдөн кооптонушууда. Алар Иранга кайтып барган учурда ар кандай коркунучтар жаралышы мүмкүн экенин айтышууда. Түркиянын коопсуздук кызматтары болсо чек арадагы абал азырынча өзгөчө кырдаал эмес экенин, бирок мүмкүн болгон массалык качкын агымына байланыштуу бардык окуялар кылдат көзөмөлдө экенин билдиришти.

Иранда соңку айларда саясий жана социалдык нааразылыктар күч. Алардын арасында жаштар, аялдар жана укук коргоочулар бар. Көпчүлүк Ирандагы репрессиядан, камакка алуудан жана укуктук коркунучтардан качып, Түркия аркылуу коопсуз жайларга жетүүнү каалашууда. Экинчи тарабынан алып карай турган болсок, Иран маалыматтык майдандан утулуп жатканын байкоого болот. Себеби расмий маалыматтар көп учурда интернеттин жоктугунан коомчулукка жетпей жатат. 

Эске сала кетсек, Түркия дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө болуп саналат. Такталбаган маалыматтарга караганда Түркияда ушул тапта болжол менен 3,6 миллион качкын жашап жатса, алардын басымдуу бөлүгү — Сириядан келгендер.

Жергиликтүү маалыматтарга таяна турган болсок, Түркияда 2025-жылга карата 2,4 млн сириялык качкын катталган. Башка өлкөлөрдөн Афганистандан, Ирактан келгендер бар болгону менен, алардын саны сириялыктарга караганда бир топ аз.

Ал эми Ирандан Түркияга качкын катары өткөн адамдардын санын бийлик расмий жарыялай элек. 

Последние новости