www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Министр 2024-2025-жылдары эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги байланыштар көп болгонун, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары да болгонун белгиледи.

«Биз 2025-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн абдан жемиштүү жана ийгиликтүү болду деп эсептейбиз. 2026-жылга келсек, ал дагы абдан активдүү болот, анткени биз КЭРдин төрагасынын Кыргызстанга мамлекеттик сапарын күтүп жатабыз. Даярдык иштери башталды, жолугушуунун күн тартиби дагы кеңири болот деп күтүлүүдө, бул биздин эки тараптуу мамилелерди алдыга жылдырууга мүмкүндүк берет», - деди министр.

Последние новости