www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго болгон жумуш сапарынын алкагында менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи боюнча маалымат берди. Ал акыркы төрт жылда ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% түзсө, 2025-жылдын аягына карата бул көрсөткүч 11,1%га жете турганын билдирди. ЭВФтин маалыматы боюнча Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, бул динамика өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш менен гана эмес, ошондой эле масштабдуу инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу менен шартталган. Айрыкча, трансчек аралык мега-долбоорлордун ишке кириши — Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу экономикага негизги түрткү болду. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун илгерилетүүдөгү олуттуу ийгиликтери жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар социалдык кайра курууга өзгөчө басым жасашты. МинКаб Төрагасы эмгек мыйзамдарын реформалоонун жыйынтыктарын талкуулады.
“2025-жылы жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышы менен Кыргызстанда аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейди”, - деп белгиледи ал.
Адылбек Касымалиев 2025-жылы өндүрүштүн көлөмү 30,1%га көбөйүшү, тамак-аш кайра иштетүү тармагында күчтүү өсүш болгонун билдирди. Чакан фермердик чарбаларды андан ары трансформациялоо жана дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн МинКаб Төрагасы Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын “AgriConnect” демилгесине кошулууга расмий кызыкчылыгын билдирди. Долбоор азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана өлкөнүн айыл чарба тармагын глобалдык жеткирүүнү интеграциялоого багытталган.
Антонелла Бассани өз кезегинде жүргүзүлүп жаткан структуралык реформаларды жогору баалап, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын стратегиялык демилгелерине мындан аркы эксперттик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “REMIT”Долбоордук макулдашууга жана 2026-2028-жылдарга Каржылоо планы боюнча Алкактык макулдашууга кол коюлду.