www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда 20 жылдан ашык убакыт мурун табылган жана ушул күнгө чейин таанылбай келген аялдын ким экенин аныктоого аракет кылып жатышат.

Сөз Нью-Жерси штатынын Берлингтон округундагы “Джейн Доу” деп аталган аял тууралуу болууда. Анын сөөктөрү 2004-жылдын 26-октябрында Маунт-Лорел шаарынын токойлуу аймагынан табылган. Ошондон бери аялдын аты-жөнү аныкталбай келет.

Маалымат үчүн:

АКШда, Канадада жана Улуу Британияда аты-жөнү белгисиз адамдарды (же аты-жөнү жашырылган күбөлөрдү) “Джейн Доу” же “Жон Доу” деп аташат.

Жабырлануучунун ким экенин аныктоо аракеттери 20 жылдан бери жүргүзүлүп келет. Азыркы учурда бул иште жаңы жылыш бар. Рамапо колледжиндеги генетикалык генеалогия борборунун адистери тереңдетилген ДНК-анализ жүргүзүп, аял, болжол менен, түрк тектүү болушу мүмкүн экенин аныкташкан.

Мүмкүн болгон өлкөлөр катары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан аталууда. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, эң ыктымал аймак Кыргызстан, айрыкча Ысык-Көл аймагы болушу мүмкүн.
Адистер белгилешкендей, генетикалык генеалогиянын заманбап ыкмалары ондогон жылдар өткөндөн кийин да туугандарды табууга мүмкүндүк берет, бирок бул үчүн көп учурда коомчулуктун жардамы талап кылынат.

Ошондуктан тергөөчүлөр жана окумуштуулар адамдарга, айрыкча Борбор Азиядан чыккан жарандарга, маалыматты кеңири таратууну суранышууда. Балким, кимдир бирөө аялды таанып, анын ким экенин аныктоого жардам бере алат.

Последние новости