www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинин мурдагы төрагасынын орун басары Бекзат Абдикахаров жана УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалганы маалым болду. 

Кечээ, 13-апрелде, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери ММБАнын мурдагы төрагасынын орун басары Бекзат Абдикахаровду, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин орун басарын жана УКМКнын бир нече бөлүм башчыларын кармашкан. Алардын арасында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы жана мурдагы коррупцияга каршы бөлүм башчысы да бар.

Бекзат Абдикахаров 2025-жылдын июль айынан тартып ФУГИнин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.

Эске салсак, 13-апрелде УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору кызматын ээлеп келген Даниэль Рысалиев кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренеси боюнча шектелүүдө. Ушул эле иш боюнча Ысык-Көл облусундагы 6-башкармалыктын мурдагы башчысы жана УКМКнын борбордук аппаратынын учурдагы кызматкери да кармалган.

14-апрелде Аскер прокуратурасы УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековду да кармагандыгы белгилүү болду. Андан тышкары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип дагы алты УКМК кызматкери кармалган.

Последние новости