www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нур-Султан шаарына иш сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда министр Кыргызстанда саясий абал турукташып, өлкө мыйзам талаасына келгенин айтты. Ал ошондой эле кыргыз тарап мурда жетишилген эл аралык милдеттенмелерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толук аткара турганын белгилеген.
Муну менен бирге Казакбаев казак тараптын тынчсыздануусун эске алуу менен кыргыз өкмөтү казак инвесторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамдын чегинде зарыл чаралар көрүлө тургандыгын кошумчалаган.
Тараптар ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана транзиттик-логистикалык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле, алдыдагы өз ара кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулашты.
“Министр менен президент COVID-19 илдетинин жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү. Мындан сырткары, пандемия тушундагы Кыргызстан жана Казакстандагы социалдык-экономикалык абалды талкуулашты”, — деп айтылат маалыматта.
Соңунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын жаңы жетекчилигине колдоо сөзүн айтып, ишине ийгиликтерди каалады.
Булак: NazarNews.kg