www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Инстаграм баракчасына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын түн ичинде мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган окуя боюнча өз ой-пикирин айтты.

“Азыр социалдык тармактардын көпчүлүк бөлүгү Гүлнур Сатылганованы колдоп жатышат. Ушул Эл артистибизди сыйлап коюшпайт деп жанагы МАИ кызматкерлерин, оператор-журналист балдардын итин чыгарып жатышат. Гүлнур Сатылганованы “Мен кыргызмын” – деген адамдын баары сыйлайт. Менин ал менен өзгөчө достук мамилем бар, мен дагы сыйлайм, жакшы көрөм, урматтайм. Силер айтып жатасыңар, кичине ууртап коюптур эмне болмок эле деп. Балээнин баары ошол ууртагандан башталат. Сен ким болбогун мыйзамды так сакташ керек. Мыйзам боюнча ичкен болбойбу, отурба рулга.

Гүлнур Сатылганованы видеотасмага тартып чыгардыңар, эмне таптыңар?, – деп жатасыңар. Мен айтам эмне таптык экенин. Биринчиден, ошону көрсөткөндөн кийин Сатылганова мындан кийин өлүп баратса дагы кичине ууртап коймок турсун, жыттап койсо дагы рулга отурбай калат. Экинчиден, эгерде мас абалында Гүлнур Сатылганованы кое берип койгондо, андан ары эмне болуп кетээрин ким билет. Бул видеотасманы башка артисттер көргөндөн кийин алар дагы мас абалында рулга отурбай калышат. Биз ушуларды таптык”, – деди Карыпбеков.

Ошондой эле, ал МАИ кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Анткени алар сылык-сыпаа менен жумушун так аткарышкан.

Эске салсак, социалдык тармактарга КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа айдап бара жатып, кармалган видеотасма тараган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости