www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-20-майда Казакстан башчысы Касым-Жоомарт Токаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барат. Бул туурасында Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали социалдык баракчасына жазды. 

--"Сапар учурунда эки мамлекеттин башчылары Рахмон жана Токаев тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Күн тартибине саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык өз ара кызматташууну арттырууга басым жасап, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө маселелери киргизилген", - деп жазган Берик Уали.

Постто Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого, аймактык кооперацияны активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулары да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости