www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы мекендештик уюмунун төрайымы А.Акималиева жана уюмдун мүчөлөрү А.Сагынаалы уулу, И.Бекболотов, Н.Мусаев жана башкалар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, БУУнун Коопсуздук Кеңешине, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга жана Бүткүл Дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандык мекендештердин уюмдарына Кайрылуу жолдошту.

--“Биз Малайзиядагы Кыргызстандык мекендештер! 2021-жылдын 29-апрелинен бери Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан кандуу окуяларды өтө кайгыруу менен кабыл алып жатабыз. Бул окуяда шейит болгондордун, үй жайынан айрылгандардын үй-бүлөсүнө, тууган-жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз негизинен жаштар, студенттер экенибизге, акча каражаттары тартыш экенине карабай, колубуздан келишинче өз жардамыбызды чогултуп, Малайзиядагы өзүбүздүн элчилик аркылуу жибергени жатабыз.

Аны менен бирге, биз Тажикстан Республикасы тарабынан чек ара маселесин чечүүдө эл аралык укуктардын принциптерин сактап, тынчтык жолу менен, дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечүүнүн ордуна, аскер техникаларды, куралдарды колдонуп, тынч жарандар жашаган айылдарды, мектептерди, мечиттерден бери аткылап жатканын катуу айыптайбыз. Эл аралык уюмдардын көңүлүн, Тажикстандын бир нече эл аралык келишимдер аркылуу өзүнө алган милдеттенмелерди жана Кыргыз Республикасы менен түзгөн эки тараптуу бир нече келишимдерди сактабай, одоно бузуп, эл аралык кылмыштарды жасап жаткандыгына бургубуз келет.Тажикстандын тийиштүү мамлекеттик жооптуу адамдары мындай адамзатына каршы жасаган кылмыштарын тезинен токтотушуна жана эл аралык соттун алдында жооп берүүсүнө жардам берүүңүздөрдү, кош көңүл карабооңуздарды суранабыз.

2021-жылдын 29-30-апрелинде Душанбе шаарында, Тажикстандын төрагалыгында ЖККУнун жыйыны өткөрүлүп жатканда, аскер күчтөрү, куралдары аркылуу тынч айылдардын, элдерин аткыланганы эле талашсыз далил жана табышмактуу. Бул кокустуктан дал келүүбү же тымызын иш план болгонбу? Ушундан соң, Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушундай коопсуздук уюмдун кимге кереги бар? - деген ойго аргасыз келесиң?!

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү кыргызстандык мекендештик уюмдарына! Кимибиз кайсы өлкөдө, материкте жашап, окуп же иштеп жүргөнүбүзгө карабай, Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин ынтымагы жана түбөлүктүүлүгү үчүн бир муштумдай болуп, үн кошуп, «бөз кошо албасак сөз кошуп», Баткендик бир боордошторубузга жардам берүүбүздү уланта берүүгө чакырабыз! - деп жазылган Кайрылууда. 

Малайзиядагы Кыргызстандык жарандар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости