www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катар Перс булуңу аймагындагы биринчи өлкө болуп, өз аймагынан америкалык аскерлерди чыгарганы айтылууда.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай Катардын Тышкы иштер министри "Катар чет өлкөлүк аскер базаларын жайгаштырганы үчүн жогорку баа төлөдү" деп билдирген.
Андагы маалымата:
— Катар менен Ирандын ортосундагы мамиле бир туугандык мүнөзгө ээ, жана Катар аймагы мындан ары бул мамилеге зыян келтирүү үчүн эч качан колдонулбайт. Америка Катарга берген убадаларын бузуп, дайыма өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон. Натыйжада, эң чоң чыгымга Катар учураган. Эгер Америка чындап эле Катар кызыкчылыктарын ойлосо, анда ал башка өлкөлөргө кол салбоо чечимин урматтамак. Бирок чындык мындай, алар Катар аймагын негизинен башка бир өлкөнү (Израилди) коргоо үчүн гана колдонушат. Катар акыры чындыкты түшүндү. Перс булуңундагы башка өлкөлөр да ушундай кадамга барат деп үмүт кылабыз, - деп айтылат.