www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катарды катардан чыгарышты

Алты араб мамлекети – Бахрейн, Сауд Аравиясы, Египет, БАЭ, Йемен жана Ливия – Катар менен дипломатиялык мамилелерин үзүштү. Кийинчерээк алардын катарына Мальдивы кошулду. Биринчи кол үзгөнү жөнүндө аралдуу хандык Бахрейн билдирди.

Өлкөнүн расмий агенттиги жайылткан маалымат боюнча, Манама бул кадамга Доха саясаты Бахрейндеги абалды “чайпаганын” улантып жаткандыгынан барганы келтирилген. Ошондой эле Бахрейн өз коңшусун террористтерди колдойт деп күнөөлөдү. Бахрейндин билдирүүсүнөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин мындай кадамга барганын Эр-Рияд, Каир жана Абу-Даби билдирди.

Катар менен анын кошуналарынын араздашуусу Перс булуңундагы өлкөлөр менен АКШнын Эр-Рияддагы саммитинен бир апта өткөндөн кийин болуп олтурат. Анда Катар агенттиги эмирдин атынан өлкөнүн Иран менен мамиле түзүүнү колдогон сөзүн жаңылыктарга койгон эле. Кийинчерээк Катардын ТИМнин расмий өкүлү хакерлер агенттиктин сайтын бузуп кирип, эмирдин атынан айтылган сөздү коюп койгондорун билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости